Кафедранын тарыхы

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин курамындагы Жалпы  тарых кафедрасы эң ири кафедралардын бири болуп эсептелет. Кафедранын тарыхы 1930 - жылдардан башталат.

  • 1934-1935 - окуу жылында тарых факультетинде бир гана кафедра -социалдык-экономикалык дисциплиналар кафедрасы болгон. Аталган кафедраны Жалпы тарых боюнча профессордун милдетин аткаруучу А. Монатов жетектеп турган. Кафедрада СССР тарыхы боюнча  доценттин милдетин аткаруучу А. Баишев жана жаш адис тарыхчылар: Г.Г. Куранов, А.Г. Зима, Б.М. Зима, Я.А. Чубукова, Г.Т. Зайцев эмгектенишкен.
  • 1936-1937 окуу жылында пединституттун курамында тарых кафедрасы тузулгөн. Кафедранын башына тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.Г. Куранов  дайылдалган. Кафедранын окутуучулары болуп: профессор Фролов, доценттин милдетин  аткаруучулар Б. Джабинов, Э.Я. Баузе, Николаев, ассистенттер  А.Г. Зима, Б.М.  Зима эмгектенишкен.
  • 1936-ж. пединституттун  алгачкы  бүтүрүүчүлөрүнүн  катарында  9 тарыхчы адис болгон.  Алардын катарында Б. Джамгерчинов (1951-1954-жж. КМУ нин биринчи ректору, академик, Кыргыз ССР илимдер академиясынын вице президенти, т.и.д. профессор), А.Хасанов  ( Кыргыз ССР илимдер академиясынын корреспондент- мүчөсү, т.и.д. профессор), С. Ильясов (академик, тарых институтунун директору, т.и.д.), А. Жолдошева ( Кыргыз ССРине эмгеги сиңген мугалим, кыз-келиндер педагогикалык училищиясынын биринчи директору) болушкан.
  • 1936-ж. Б. Джамгерчинов, 1937-ж. А. Хасанов, 1938-ж. С.Ильясов  факультетте окутуучу-ассистент катары иштей башташкан. 1937-1938 окуу жылдарында үч кафедра:  Ленинизм жана ВКП(б)  тарыхы, СССР тарыхы жана Жалпы тарых кафедралары ачылган. Жалпы тарых кафедрасын т.и.к. доцент Г.Г.Куранов, СССР тарыхы кафедрасын Г.П. Гавырин (1938-1941-жж. пединститутун директору) жетектеп турушкан.
  • 1937-ж. СССР тарыхы кафедрасында аспирантура ачылган. Аспиранттардын илимий консультанты  болуп САГУ нун СССР элдеринин тарыхы кафедрасынын башчысы, т.и.д. профессор  Додонов  Иван Кузьмич эсептелген. Анын жетекчилиги менен тарых факультетинин 7 окутуучусу тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертацияларын коргошкон. Алардын катарында: Ю. Федоров 1941-ж, Б. Джамгерчинов жана А.Хасанов 1942-ж., С. Ильясов 1943-ж, А.Г. Зима 1945-ж., В.Е Кутарева жана Б. Элебаев 1946-ж. диссертацияларын коргошкон.
  • Улуу Ата мекендик согуш жылдарында тарых факультетинин окутуучулары: Г.Г. Зайцев, Ю.Г. Федоров, Б.М. Зима, А.Х Хасанов. Г.Г. Куранов, Б.Долгинов, Э. Хренников ж.б. Ата-Мекенди коргоого катышкан жана Улуу жеңишке  чоң  салым кошушкан. Согуш аяктагандан кийин факультетте 2 кафедра: СССР элдеринин тарыхы жана Жалпы тарых кафедрасы адис-тарыхчыларды  даярдашкан.
  • СССР элдеринин тарыхы кафедрасын А.Х. Хасанов (1946-1951-жж.), Жалпы тарых кафедрасын Б.М. Зима жетектешкен.1951-ж.  Кыргыз Мамлекеттик  Университети ачылган мезгилде  Жалпы тарых кафедрасында: Б.М. Зима, кафедра башчысы, т.и.к, Б.Элебаев т.и.к, Олейник И.С, Волчанский А.Ф., Мальсагова Т.Т.Мусин Х.М., СССР элдеринин тарыхы кафедрасында:  А.Х Хасанов кафедра башчысы т.и.к., Петровец В.М. доцент, т.и.к, В.В.  Липович  доцент, т.и.к, (1945-1951-жж. пединституттун директору), С. Табышалиев ага окутуучу, В.Е  Кутарева  доцент, т.и.к, Б.Д. Джамгерчинов т.и.д. (1950) профессор, Н.Г. Абдуазизова, С.В. Саксонская А.Ф Лачко – ага окутуучулар, А.А. Чукубаев, А.И. Батин, И.М. Скляр  окутуучулар эмгектенишкен.
  • 1951-1954-жж. СССР элдери тарыхы кафедрасын т.и.д. профессор Б. Джамгерчинов  (бир эле мезгилде КМУ нин ректору), 1952-55-жж. Жалпы тарых кафедрасын  т.и.к., доцент Б. Элебаев башкарышкан. Аталган кафедраларда 19 окутуучу эмгектенишкен. Алардын катарында: 1 т.и.д., профессор (Б. Джамгерчинов), 5 т.и.к., доценттер, 8 ага окутуучу, 5 ассистент окутуучулар болушкан.  
  • 1970-ж.  ортосунда  факультетте 4 кафедра: Жалпы тарых (1937-ж.), Кыргызстандын тарыхы (1961-ж.),  Тарых жана коом таанууну окутуунун методикасы (1969-ж.), тарыхчы адистерди даярдашкан. 1962-1984-жж. СССР элдеринин тарыхы кафедрасын Кыргыз ССР илимдер Академиясынын мъчё - корреспонденти т.и.д., профессор А.Х. Хасанов жетектеп келген. 1973-1977-жж. Жалпы тарых кафедрасын т.и.к., доцент М.Б. Джамгерчинов  жетектеген.
  • 1977-ж. сентябрь айында Жалпы тарых кафедрасынын базасында 2 кафедра ачылган:  Байыркы дүйнө жана Орто кылымдардын тарыхы  жана  Жаңы жана Соңку жаңы тарых кафедрасы. Биринчи  кафедраны М.Б. Джамгерчинов  (1977-1987-жж.), А.А. Арзыматов, Т.К. Чоротегин, А.М. Мокеев (1987-1989-жж.), Д.Б. Сапаралиев (1992-1993-жж.) башкарган. Экинчи кафедраны С.А. Аттокуров (1977-78-жж.), А.Р. Рыскулов, Д.Е. Егемназаров, Ч.Ж. Жакыпова, М.И. Оморов башкарган.
  • 1992-ж. Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасы ачылган. 1992-1994-жж. кафедраны т.и.к., доцент А.М. Мокеев, т.и.к., доцент Т.К. Чороев, ал эми 1994-ж. ноябрынан  1996-ж. январына чейин т.и.к., доцент А.А. Рыскулов башкарган.  1996-ж. февралында  ректордун чечими менен 3 кафедра:  Жаңы жана Соңку Жаңы тарых, Байыркы дүйнө жана  Орто кылымдар тарыхы  жана Азия жана Африка  өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедралары бириктирилип Жалпы тарых кафедрасы түзүлгөн. Кафедра башчылыгына доцент С.А.Абдрахманов бекитилет.
  • 1997-жылы Тарых факультетинин курамында “Чөлкөмтаануу” бөлүмү ачылгандыгына  байланыштуу, “Жалпы тарых” кафедрасы  “Чөлкөмтаануу жана дүйнө элдеринин тарыхы” кафедрасы деп аталат.
  • 1998-жылы Тарых жана чөлкөмтаануу факультетиндеги структуралык өзгөрүүлөргө  байланыштуу “Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасы түзүлөт. 1999-ж. декабрында Азия жана Африка өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедрасы кайрадан түзүлгөн.

Белгилеп кетчү жагдай,  1990-жж. тарыхчы адистерди даярдоо боюнча  реформаларды ишке ашырабыз деген  максат менен факультеттин курамындагы  кафедралардын аттары тез-тез өзгөрүлүп турган. Мисалы, 1992-ж.  Совет мезгилине чейинки СССР элдеринин тарыхы кафедрасы – Түркстан, Кавказ жана Россия элдеринин  тарыхы кафедрасы, 1994-ж. аталган кафедрага Совет доор  мезгилиндеги  СССР элдеринин тарыхы кафедрасын кошуу менен КМШ элдерини тарыхы кафедрасы түзүлгөн.

«Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы» кафедрасын 1994-2001-жж. аралыгында кафедраны т.и.к., профессор Омурбеков Т.Н. жетектеген. 2001-2010-жж.  чейин  кафедраны  Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиьирген кызматкер, т.и.д., профессор З. Эралиев жетектеп келген. 2010-2016-жж. кафедраны т.и.к., доцент Шейшеканов Т.Б. жетектеп келди.

1997-жылдан 2003-жылга чейин «Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы» кафедрасынын доцент А.Э.Жоробекова, 2003-2005-жылдары доцент Н.М.Галкина жетекчилик кылышты. 2005-жылдан 2016-жылга чейин “Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасын т.и.д., профессор А.А.Арзыматова жетектеп келди.   

  • 2016-жылы Тарых жана чөлкөм таануу факультетиндеги структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу «Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы» кафедрасы менен «Европа жана Азия өлкөлөрүнүн тарыхы» кафедрасы бириктирилип, кайрадан «Жалпы тарых» кафедрасы болуп түзүлгөн. 2016-жылдан бери кафедраны т.и.д, профессор Арзыматова А.А. жетектеп келет.

Бүгүнкү күнү кафедранын эмгек жамаатында 19 окутуучу болуп, анын ичинен 3 илимдин доктору, 11 илимдин кандидаттары жана доценттери, 5 ага окутуучу эмгектенишет.

2. Кафедра башчысы

Арзыматова Айнура Атыгаевна

д.и.н., профессор

arzymatova

Джамгерчинов Мидил Бегималиевич  

к.и.н., доцент

djamgerchinov

Омурбеков Токторбек Наматбекович

д.и.н., профессор

omurbekov

Галиева Зайраш Идрисовна

д.и.н., профессор

galieva

Алимова Бермет

к.и.н., доцент

alimova

Чодолдоева Гулзат Жусуповна

к.и.н., доцент

chodoldoeva

Асипбаева Майрамкул Бейшенакуновна

к.и.н., доцент

asipbaeva

Жалиева Бегайым Самидиновна

к.и.н., доцент

jalieva

Исабекова Мархамат

к.и.н., доцент

isabekova

Малабаев Саламат Касымбекович

к.и.н., доцент

malabaev

Момошева Назира Керимбековна

к.и.н., доцент

momosheva

Алымкожоев Омурбек Жумадилович

ст. преподаватель

alymkojoev

Торогельдиева Эльвира Эсенболовна

ст. преподаватель

torogeldieva

Эсенбаева Айгерим Салбаровна

ст. преподаватель

aigerim salbarovna new

Солтобаева Мээрим Бактыгуловна

преподаватель

[нет фото]