“Жоокер ыры” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

0

2020-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департамент тарабынан уюштурулган “Жоокер ыры” сынагынын финалдык туру болуп өттү. Иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ачып, жалпы жамаатты Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, күч-кубат, ынтымак каалап, патриоттуулукка чакырды жана тынчтык үчүн курман болгон бабаларыбыздын эмгеги эч качан унутулбасын баса белгилеп, конкурсанттарга ийгилик каалады.